124 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

124 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 841 адамдын коронавирустан айыгып чыкканы белгилүү болду. Муну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 124 миң 56 адамга жетти. Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн 24 саат ичинде өлкө аймагында 836 COVID-19 бейтабы аныкталды. Жалпы өлкө боюнча аталган илдет менен ооругандардын саны – 139 миң 995.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан шаары - 16880

Алматы шаары - 16816

Шымкент шаары - 5417

Акмола облусу - 5995

Актөбе облусу - 3553

Алматы облусу - 6062

Атырау облусу - 11973

Чыгыш Казакстан облусу - 17557

Жамбыл облусу - 4620

Батыш Казакстан облусу - 8447

Караганды облусу - 11387

Костанай облусу - 6174

Кызылорда облусу - 3308

Маңгыстау облусу - 3477

Павлодар облусу - 7498

Түндүк Казакстан облусу - 7303

Түркестан облусу – 3528

Өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 137 учуру катталып, 4 адам көз жумду. Мындан сырткары, 65 адам айыгып чыкты.

Баш оона айынын биринен бери: ооругандар – 43 635, каза тапкандар – 462, айыккандар – 31 282.