Обочолонуу режимин бузгандар айыппул төлөйт

Обочолонуу режимин бузгандар айыппул төлөйт

Эми «кызыл» макамы бар жарандар обочолонуу режимин бузгандыгы жана коомдук жайларда жүргөндүгү үчүн айыппул төлөйт. Алар Ashyq маалыматтык платформасы аркылуу аныкталат. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Эгерде жаран өзүнүн макамын билип туруп, обочолонуу режимин бузса жана айланасындагыларга атайылап жуктуруу коркунучун туудурса, ага 30 АЭК же 87 миң 510 теңге өлчөмүндө административдик айып салынат», - деп айтылат маалыматта.

Эреже 2021-жылдын кулжа айынын 10да күчүнө кирет. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитети административдик айыппулдар коронавирус инфекциясы сыяктуу кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышын көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет деп ишенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков