Казакстанда өткөн суткада 1 319 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 1 319 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктургандардын катары 1 319 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап Караганды облусунда катталды. COVID-19 диагнозу облустун 254 тургунунда тастыкталды. Андан кийин борбордо 222, Алматы шаарында 184 бейтап аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 391 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25 миңге жакын казакстандык коронавируска каршы дарыланып жатат. Алардын 9 миңден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков