COVID-19: 1 миллион 117 миң казакстандык толук эмдөөдөн өттү

COVID-19: 1 миллион 117 миң казакстандык толук эмдөөдөн өттү

1 миллион 117 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алды. Вакцинанын биринчи компонентин 2 миллион 158 миңден ашуун адам алган. Мындай маалыматты өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ал ортодо кардиологдор жүрөк-кан тамыр патологиясы бар адамдарга эмдөөдөн коркпоо керек деген кеңеш беришет. Анткени коронавирус жуккан учурда, мындай бейтаптар үчүн кесепеттери олуттуу болот. Чындыгында, COVID-19 кандын уюшунун бузулушу менен мүнөздөлөт. Мындай тромбоздук кыйынчылыктар өлүмгө алып келип, бейтапты миокард инфарктына же курч инсультка алып келиши мүмкүн.

Максат Кудратуллаев, кардиолог:

- Вакцинаны иштеп чыгуучулар эмдөөгө каршы көрсөткүчтөрдүн катарына жүрөк-кан тамыр ооруларын кошушкан жок. Мындай өнөкөт оорусу бар адамдарда, COVID-19 жуккан учурда ал тез арада өтүшүп кетиши мүмкүн, андан чыгуу кыйынга турат. Андыктан жүрөк-кан тамыр системасынын патологиясы бар адамдар алдын-ала эмдөөдөн өтүп, кадимки турмушта жашай берсе болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков