Нур-Султан шаары кызыл зонага өттү

Борбор калаатда COVID-19 инфекциясынын таралышы боюнча кооптуулуктун кызыл деңгээлине өттү. Өткөн суткада Нур-Султан шаарында 121 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бирок кырдаалга жараша кандай чектөө чаралары колдонулаары азырынча белгисиз. Бир күн мурун шаар акими Алтай Кульгинов калкка алдыда келе жаткан майрамдарды үйдө тосууга чакырган. Деген менен илдетти жуктуруу  саны көбөйүп кетсе, чектөө чаралардын киргизилиши толук мүмкүн.

ЕРЖАН БАЙТАНАЕВ, САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ КОМИТЕТИНИН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Азыркы учурда башкы санитардык дарыгер менен жергиликтүү бийлик органдары шаар боюнча кандай күчөтүү чараларын жүргүзүү маселелерине арналган суроолорду көтөрүп жатышат. Жалпысынан бейтаптар өздөрү дарыгерлерге кайрылышпайт, санитардык талаптар сакталбай жатат. Буйрук бүгүн кечке чейин же болбосо таңга чейин чыгып калат.

Белгилей кетсек, COVID-19 вирусунун таралуу кооптуулугу боюнча  Павлодар облусу дале болсо кызыл зонада. Аймакта коронавирустук инфекциянын деңгээли төмөндөбөй жатат. Аны менен катар, Алматы, Костанай, Акмола, Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Атырау облустарында абал бир аз жакшырган. Алар азыр сары зонада. Ал эми башка аймактар кооптуулук деңгээлинин «жашыл» аймагында турат.

24 саат ичинде өлкөдө 777 бейтап коронавируска чалдыкты. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 139 миң адамга COVID-19 диагнозу коюлган.