Бир суткада 1 319 адам коронавируска чалдыкты

коронавирус
www.inform.kz

Казакстанда соңку суткада коронавирус жуктургандардын катары 1 319 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап Караганды облусунда катталды. COVID-19 диагнозу облустун 220 жашоочусунан тастыкталды. Андан кийин Нур-Султан шаары турат. Кооптуу илдет 218 адамдан аныкталган. Ал эми Алматы шаарында 208 бейтап катталды. Кызылорда жана Түркестан облустары инфекциянын эң төмөнкү көрсөткүчүнө ээ. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 389 миңди түзөт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 26 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын жети жарым миңге жакыны ооруканага жаткырылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×