Кытайлык CoronaVac вакцинасынын натыйжалуулугу 80%

Кытайлык CoronaVac вакцинасынын натыйжалуулугу 80%

Кытайлык CoronaVac вакцинасы Казакстанда убактылуу каттоодон өттү. Учурдагы пандемия шартында уруксат берүү чаралары тездетилет.

Эске сала кетсек, препарат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген жана жарактуу вакциналардын катарына киргизилген. Ошондой эле, коопсуздук жана натыйжалуулуктун эл аралык стандарттарына жооп берет. Бүгүнкү күндө CoronaVac дүйнөнүн 25 өлкөсүндө жактырылган жана аны 300 миллиондон ашуун адам колдонгон. Буга кошумча, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги бир нече күндүн ичинде бардык коштоочу документтерди бекитиши керек. Алардын негизинде вакцинаны колдонуу боюнча нускамалар иштелип чыгат. Андан кийин вакцинаны республиканын бардык эмдөө борборлорунан алууга болот. Белгилей кетсек, вакцина азыркы учурда Казакстанда эң көп колдонулган препараттардын арасынан төртүнчү орунда турат.

Александр Шустов, Улуттук биотехнология борборунун генетикалык инженерия лабороториясынын жетекчиси:

- Анын касиеттери жакшы изилденген, натыйжалуулугу жарыяланган. Бул болжол менен 80%ды түзөт. Синовакты колдонууда жергиликтүү таасирлер болот, 30-40% деңгээлинде, алар убактылуу сапатында болот, жеңил түрдө өтөт. Башкача айтканда, вакцина коопсуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков