Казакстанда дагы бир вакцина пайда болушу мүмкүн

Казакстанда дагы бир вакцина пайда болушу мүмкүн

Казакстандык «QazVac» вакцинасы жакын арада чет өлкөлөрдө колдонулушу мүмкүн. Бүгүн уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Президент менен онлайн форматтагы жолугушуу учурунда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму тарабынан өзгөчө кырдаал учурунда колдонууга сунуш кылынган дарылардын тизмесине «QazVac» вакцинасын киргизүү маселесин карап чыгууга даяр экенин билдирди. ДССУнун башчысы Касым-Жомарт Токаевдин пандемия менен күрөшүүгө кошкон салымын жогору баалады.

«Бүгүнкү күндө 2 миллион адам эмдөөдөн өтүптүр. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Көптөгөн өлкөлөр мындай деңгээлге жете элек. Калктын 55% эмдейбиз деген максатыңыз колдоого арзырлык», – деди ДССУнун башчысы.

Казакстанда дагы бир коронавируска каршы вакцина пайда болушу мүмкүн. Препарат борбордогу Казак улуттук агрардык университетинин алдындагы Эл аралык вакциналогия борбору тарабынан иштелип чыгууда.

Жаннат Сатыбалдиева, Медицина илимдеринин доктору, дары-дармектер жана медициналык буюмдарды талдоо улуттук борборунун серепчиси:

- Бул өтө маанилүү жараян болгондуктан, изилдөөнүн клиникага чейинки бөлүгү Масгут Айкимбаев атындагы институттун лабораториялык жаныбарларына жүргүзүлдү. Ошондой эле, приматтардагы иммуногендик касиеттерин изилдөө мерчемделүүдө. Бул абдан маанилүү изилдөө. Жыйынтыгын күтүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков