Казакстан: коронавирус бир суткада 1 739 адамдан аныкталды

Казакстан: коронавирус бир суткада 1 739 адамдан аныкталды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктургандардын саны 1 739 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап Караганды облусунда. Бул жерде COVID-19 диагнозу облустун 319 жашоочусунда тастыкталды. Андан кийин Алматы шаарында - 310 бейтап, ал эми борбор калаада 293 учур катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 378 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 31 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатышат. Алардын 12 миңге жакыны ооруканага жаткырылган. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков