Өкмөт: Казакстанда вакцина тартыштыгы жок

Өкмөт: Казакстанда вакцина тартыштыгы жок

Казакстан өкмөтүндө COVID-19дун жай мезгилине карата бир нече сценарийи айтылды. Оптимисттик божомолго ылайык, үстүбүздөгү жылдын кулжа айынан аяк оона айына чейин илдетти жуктуруп алгандардын саны 60 миң адамдан бир аз ашат. Ал эми эң начар дегенде, бейтаптардын саны 95 миңди түзөт деп божомолдонууда. Негизи бул көрсөткүч казакстандыктардын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүнөн көз каранды болот. Бүгүнкү күнгө чейин республиканын 3 миллиондой жараны Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткаруу менен үчтөн бири вакцинанын эки компонентин тең алышкан. Тиешелүү тармактын башчысы Алексей Цойдун айтымында, Казакстанда вакцина дозасынын жетиштүү көлөмү бар, анын кору улам толукталып жатат. Бул препараттын жетишсиздиги жок экендигин билдирет.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Бүгүнкү күндө эмдөө борборлорунда вакцинанын дозасы жетиштүү көлөмдө. 320 миңге жакын - биринчи компонент, 650 миң - экинчи компонент бар. Караганды фармацевтикалык комплексинде кошумча 1,7 миллион «Спутник V» вакцинасы чыгарылды жана графикке ылайык аймактарга жеткирилет.

Мындан тышкары, премьер-министр Аскар Мамин калкты эмдөөдөн өткөрүү ылдамдыгын жогорулатууну жана кооптуу илдетке каршы күрөшүүдө санарип технологияларын колдонууну тапшырды. Ал вакцинация тууралуу маалыматтарды камтыган бөлүмдөрдү «Ashyq» мобилдик тиркемесинде дагы, жарандар үчүн «Egov» өкмөттүк порталында дагы бириктирүү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков