А.Цой: «Өлкөдөгү эпидабал акырындан турукташууда»

Казакстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал акырындап турукташууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди. Анын айтымында, бүгүн Батыш Казакстан облусу «кызыл аймактан» чыкты. Ал эми азырынча Нур-Султан, Алматы шаарлары, Акмола, Караганды, Атырау облустары аталган зонада кала берүүдө. «Сары аймак» да азаюуда. Бул аймактан Кызылорда облусу чыкты. «Сары зонада» Батыш Казакстан, Шымкент, Актөбе, Костанай, Павлодар, Маңгыстау жана Түндүк Казакстан облустары калды.

Дарыгерлер акыркы 3 күндүн ичинде кооптуу илдеттин азайгандыгын белгилешкенин кошумчалай кетүү керек. Алардын айтымында, акыркы сутка ичинде өлкөдө 1 558 казакстандыкта коронавирус илдети аныкталган. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери өлкөдө 376,5 миң учур катталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков