Казакстан коронавируска каршы вакцинаны чет өлкөгө экспорттойт

Казакстан коронавируска каршы вакцинаны чет өлкөгө экспорттойт

Казакстан жакын арада «Спутник V» вакцинасын чет өлкөлөргө экспорттой алат. Бул тууралуу Караганды фармацевтикалык комплексинин башкы мүдүрү Сергей Барон ZAKON kz сайтына берген маегинде билдирди. Компаниянын жетекчисинин айтымында, вакцинага кызыгуучулук билдиргендер бар. Бүгүнкү күндө аны жеткирүү үчүн бир нече өлкөлөрдөн арыздар келип түштү. Бирок негизги милдет - казакстандыктарды вакцина менен камсыз кылуу, дейт адис. Ошондой эле, ал жакынкы аралыкта заводдун жумушчулары Саламаттык сактоо министрлиги буйрутма берген бардык көлөмдү жеткирип берерин маалымдады. Бул ички базар толугу менен камсыз болот дегенди билдирет.

Сергей Барон, «Караганды фармацевтикалык комплекси» жчксынын башкы мүдүрү:

- «Биз өз-ара кызматташууга даярбыз, бирок эң негизги милдет - Казакстан элин вакцина менен камсыз кылуу. Ушул айда биз бир миллион эки жүз миң доза чыгардык. Бугу айынын аягында дары-дармек бирдиктүү дистрибьюторго жеткирилет. Ал эми кулжа айында дагы бир жарым миллион доза вакцина чыгарууну мерчемдеп жатабыз».

Которгон: Илгиз Жамалбеков