Бир суткада 2 267 адам коронавируска чалдыкты

Бир суткада 2 267 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада COVID-19 диагнозу 2 267 адамдан ПЧР-тести аркылуу тастыкталды. Эң көп бейтап кайрадан Алматы шаарында катталды. Бул жерде 510 кишинин тести оң натыйжа көрсөткөн. Экинчи орундагы борбор калаада 386 бейтап аныкталган. Андан кийин Караганды облусунда 318 адам инфекцияны жуктуруп алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жалпы коронавирус бейтаптарынын саны 369 миңге жетти. Кошумчалай кетсек, акыркы суткада 2 892 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков