Өткөн суткада 1 837 адам коронавируска чалдыкты

Өткөн суткада 1 837 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктургандардын саны 1 837 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап дагы деле болсо Алматыда. Бул жерде 520 тургундан COVID-19 диагнозу тастыкталды. Андан кийин Караганды облусунда - 320 бейтап, борбордо - 251 бейтап катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 362 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 38 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 13 миң 768и стационарга жаткырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков