Казакстандан Индияга гуманитардык жардам жетти

Казакстандан Индияга гуманитардык жардам жетти

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча Казакстандын гуманитардык жардамынын биринчи партиясы Индияга жеткирилди.

Белгилей кетсек, COVID-19дун жайылышына байланыштуу бул өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал дале оор бойдон калууда. Мында суткасына 300 миңден ашуун адамдан вирус аныкталууда. Жалпы салмагы 40 тоннага жакын гуманитардык жардамга медициналык беткаптар, респираторлор, илдетке каршы кийимдер жана өлкөдө өндүрүлгөн жасалма дем алдыруучу аппараттар кирет. Баалуу жүк Кызыл Чырым уюмунун Индия өкүлчүлүгүнө өткөрүлүп берилди.

Айта кетсек, Мамлекет башчысы ушул айдын башында Индия тарапка гуманитардык жардам көрсөтүүнү Өкмөткө тапшырган. Экинчи борттун келиши жакынкы сааттарда күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков