Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы сутка ичинде кооптуу илдетти 2549 адам жуктуруп алган. Ал эми бир күн мурун 2283 учур катталганын мекемелер аралык комиссия билдирген. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Нур-Султан жана Алматы шаарларыаймактар арасында дагы эле лидер болуп саналат. Ошондой эле, Караганды жана Алматы облустарында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны өскөнү байкалат. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери аталган илдетке чалдыккандардын саны 353 миңден ашты.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 21 күндөн кийин вакцинанын экинчи компонентин ала албай калган казакстандыктардын арыздарына жооп берди. Министрликтин кызматкерлери вакцина иштеп чыгуучулар дозанын аралыгын көбөйтүү иммундук реакциянын күчүнө таасир этпесин расмий билдиришкенин эске салды.

Азыркы учурда өлкөнүн медициналык уюмдарында КВИге каршы вакциналар жетиштүү, деп билдирет тармактык мекеме. «Ушул жумада экинчи компоненттин 400 миң даана вакцинасы келери мерчемделген. Өлкөдө коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды жеткирүү графикке ылайык жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатат, тартыштык жок», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Спутник V вакцинасынын биринчи компонентинин болжол менен 200 миң дозасы жана экинчи компоненттин 220 миңден ашык дозасы бар. Мындан тышкары, 28 000 дозадан ашык жергиликтүү QazVac препараты жана 350 миң дозага жакын Hayat-Vax вакцинасы даяр турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков