Казакстан: бир суткада 2 283 адам коронавируска чалдыкты

Казакстан: бир суткада 2 283 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада Ковид диагнозу 2 283 адамдан ПЧР-тести аркылуу аныкталды. Эң көп бейтап кайрадан Алматы шаарында катталды. Бул жерде 597 адамдын тести оң натыйжа көрсөттү. Экинчи орунда турган борбор калаада - 389 адам, андан кийин Караганды облусунда - 250 учур аныкталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 350 миңден ашты. Мындан тышкары, өткөн суткада 2 791 казакстандык коронавирустан айыгып чыккан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков