Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө

Казакстанда COVID-19 оорусунун жаңы учурлары кескин көбөйдү. Тактап айтканда, өткөн сутка ичинде эле 831 казакстандыктан коронавирус илдети аныкталган. Кошумчалай кетсек, республикада бир күн мурун эле илдеттин 775 учуру аныкталган эле.

Анын ичинде Алматыда 128, Атырау облусунда 107, Павлодар облусунда 87 учур катталды. Жалпысынан, ушул саатка чейин өлкөдө 160 миңден ашуун коронавирустун учурлары тастыкталды.

Бактыга жараша, бул кооптуу илдеттен айыгып чыккандардын саны дагы өсүүдө. Акыркы сутка ичинде 723 адам коронавирусту жеңип чыккан. Ошентип, алардын жалпы саны 147,5 миңден ашты.