Өткөн суткада 2 298 адам коронавируска чалдыкты

Өткөн суткада 2 298 адам коронавируска чалдыкты

Казакстандын аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаалды баалоо матрицасына ылайык, 13 облус «кызыл» жана «сары» зоналарга кирди. Мындай маалыматтарды Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Өлкөдө коронавирустук инфекциянын саны акыркы сутка ичинде 2 миң 298 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап дале болсо Алматыда. Бул жерде 645 тургундан Ковид-19 диагнозу тастыкталды. Андан кийин борбор калаада 285, Караганды облусунда 239 бейтап катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 332 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 44 миң 600 казакстандык коронавирус инфекциясынан дарыланууда. 15 миңден ашуун бейтап ооруканага жаткырылса, 29 миң 557 бейтап амбулатордук шартта дарылануусун улантып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков