Казакстанда коронавируска каршы вакцинациялоо күч алууда

Казакстанда коронавируска каршы вакцинациялоо күч алууда

Казакстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаал турукташууда. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абал Премьер-министрдин төрагалыгы астында өткөн Өкмөттүн жыйынында каралды. Вирустун репродуктивдик индекси 0,98 төмөндөгөн. Ооруканалардагы жумуштун көлөмү 42 пайыз, жандандыруу бөлүмдөрү 28 пайыз деңгээлинде толгон.

«Кызыл» зонада 9 аймак турат: алар Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарлары, ошондой эле, Батыш Казакстан, Акмола, Караганды, Кызылорда, Павлодар жана Жамбыл облустары.

Саламаттык сактоо министри бүгүнкү күндө илдетке каршы вакцинациялоо күч алгандыгын билдирди. Препарат графикке ылайык жеткирилүүдө. Бүгүнкү күндө аймактарга 2,3 миллиондон ашык доза вакцина жөнөтүлдү. Бир жарым миллионго жакын казакстандык биринчи компонентти, ал эми экинчи компонентти 350 миң адам алууга жетишти. Бул эмдөөдөн өткөрүлө турган калктын 15 пайызы болуп саналат.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Мисалы, чын куран айынын 1не салыштырмалуу вакцинанын биринчи жана экинчи компоненттерин алган адамдардын саны күнүнө 12 эсеге, башкача айтканда, 11 миңден 135 миң адамга чейин өстү. Бул жаатта 11 миң медицина кызматкери, 1000ден ашуун стационардык эмдөө пункттары жана 400 көчмө пункт тартылды. Вакцинациялоо пункттары 2 нөөмөттө саат 24:00гө чейин жана дем алыш күндөрү иштеп жатат. Казакстанда эмдөө өнөктүгү башталгандан бери коронавируска каршы вакцинанын болжол менен 1.8 миллион дозасы колдонулду.

Тармак башчысынын айтымында, вакцинанын эки компонентин тең алган адамдар ооруканага түшкөндө дагы, өргүүдөн келген кезде дагы ПЧР-тест тапшыруудан толугу менен бошотулат. Ошол эле учурда, Алексей Цой элеттиктерди эмдөөгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Бул максатта мобилдик медициналык комплекстер колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков