«QazVac» менен үч күндө 9 миң адам эмделди

«QazVac» менен үч күндө 9 миң адам эмделди

Ата мекендик «QazVac» препараты менен эмдөө башталгандан бери, үч күндүн ичинде 9 миңге жакын адам вакцина алды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрайымы Айжан Есмагамбетова билдирди.

Ал белгилегендей, жамааттык вакцинациялоо канчалык тезирээк болсо, жарандар мурдагы кадимки жашоого ошончолук эрте кайтышат. Бул үчүн калктын 60% эмделиши керек. Айта кетсек, ата мекендик вакцинанын чыгышы менен казакстандыктар эмдөө үчүн дары тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Айжан Есмагамбетова, Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин төрайымы:

- Жалпысынан, вакциналарды өндүрүү жөнүндө сөз болгондо, негизинен эң маанилүү эки параметр бар - бул коопсуздук жана натыйжалуулук. Өндүрүш механизми өзү ар кандай болушу мүмкүн. Инактивацияланган вакцина бар, суб-бирдиктүү вакцина бар. Башкача айтканда, вакциналар ар башкача. Өлкөдө колдонулуп жаткан вакциналар боюнча биз аларды коопсуз жана натыйжалуу деп ишенимдүү айта алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков