COVID-19: Казакстанда 2 682 жаңы учур катталды

COVID-19: Казакстанда 2 682 жаңы учур катталды

Казакстанда өткөн суткада 2 682 адам вирус жуктуруп алды. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталган, COVID-19 диагнозу шаардын 698 жашоочусуна коюлду. Кооптуу инфекция баш калаада 439 адамдан, Алматы облусунда 268 жана Караганды облусунда 256 адамдан аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө кооптуу илдетке чалдыккандардын саны 314 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 42 миңден ашуун бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков