А. Цой: Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

А. Цой: Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

Казакстанда коронавирустун таралышы азайып баратат. Мындай жагымдуу жаңылык менен өкмөт отурумунда Саламаттык сактоо министри Алексей Цой бөлүштү. Анын айтымында, өлкөдөгү кооптуу илдетке байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташты. Вирустун репродуктивдик индекси 1ге чейин төмөндөдү. Инфекциялык орундар 41%га, реанимацияда орундар 28%га толду.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Бейтаптардын динамикасы жалган куран айынын соңундагы 46 пайыздык өсүү темпинин өткөн апта ичинде 8 пайызга чейин төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Акыркы жумада курмандыктардын көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 30дан 8 пайызга чейин төмөндөгөн. Абалдын олуттуу турукташуусу байкалууда. Аймактар региондогу эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен чектөө чараларын жөнгө салууну жана кабыл алууну улантууда.

Министрдин айтымында, бейтаптардын көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк рейтингдеги 221 мамлекеттин ичинен Казакстан 108-орунда, ал эми курмандыктардын саны жагынан 107-орунда турат. Өз кезегинде Премьер-министр Аскар Мамин эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуунун алкагында массалык эмдөө өнөктүгүндө жарандарды вакцина менен жеткиликтүү көлөмдө камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Чын куран айынын жыйынтыгы боюнча, эмделе турган адамдардын 20% коронавируска каршы вакцина алууга тийиш. Вакцинациянын планын жана вакциналарды аймактарга жеткирүү графигин сактоо керек. Ошондой эле, беткап тагынуу, аралыкты сактоо жана көп сандаган адамдардын чогулуусуна жол бербөө боюнча талаптарды бекем сактоо маанилүү.

Ошондой эле, Өкмөт башчысы өлкө аймагында «Ashyq» тиркемесинин кеңири жайылышы ишкердиктин туруктуулугуна түрткү берерин айтты. Эми анын алкагында театрлар, кинотеатрлар менен катар кафелер, ресторандар, соода-оюн зоок көңүл ачуу борборлору жана спорттук жайлар дагы ишин жанданат. Чын куран айынын 27деги маалыматка ылайык, долбоордун катышуучуларынын жалпы саны 1658, ал эми тиркеме колдонуучуларынын саны 378 миңден ашуун адамды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков