Казакстанда бир суткада коронавирустун 2 284 учуру катталды

Казакстанда бир суткада коронавирустун 2 284 учуру катталды

Өткөн суткада республикада коронавирустук инфекция боюнча ПЧР-тестинин оң натыйжасы менен 2 284 учур аныкталды.

Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталган. Мында 689 тургунда COVID тастыкталды. Өсүш жагынан экинчи орунда борбор калаа турат – бул жерде 294 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Андан кийин Алматы облусу – аймакта 264 жаңы учур аныкталды. Жалпысынан былтыркы жылдын жалган куран айынан бери өлкөдө инфекцияга чалдыккандардын жалпы саны 311 миңден ашты. Ал эми өткөн суткада 2 494 казакстандык айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков