Жыл соңуна чейин QazVac вакцинасынын 2 миллион дозасы өндүрүлөт

Жыл соңуна чейин QazVac вакцинасынын 2 миллион дозасы өндүрүлөт

Ата мекендик «QazVac» вакцинасы илдетке каршы туруктуу иммунитет калыптандыра турганы далилденип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине кирген саналуу вакциналардын бири. Ошентип, Казакстан өз вакцинасын иштеп чыккан дүйнөдөгү 10 мамлекеттин катарына кирди. Өз кезегинде, «СК Фармация» компаниясы жана Биологиялык коопсуздук институту жыл аягына чейин ата мекендик вакцинанын 2 миллион дозасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду. Алдыдагы убакытта препараттын ай сайын 500-600 миң дозасын даярдоо мерчемделип жатат.

Марат Шоранов, Казакстандын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары:

- Биринчи келгендер биологиялык коопсуздук институтунда чыгарылган. 50 миң доза. Азыркы убакытта өкмөттүк деңгээлде мамлекеттик органдар менен бирге башка да өндүрүш аянтчаларынын маселелери чечилип жатат.

Бүгүнкү күндө вакцинанын 6 миң дозасы Нур-Султан жана Алматы шаарларына жеткирилди. Ал эми 4 миң дозадан Шымкент, Караганды шаарларына, Чыгыш Казакстан жана Алматы облустарына жеткирилиши керек. Ата мекендик вакцинанын өзгөчөлүгү, аны жеткирүү жараяны муздатуучу татаал жабдууларды талап кылбайт, ошондой эле, вакцинаны 2-8 градус температурада ташууга болот. Вакцинанциялоо 21 күн аралыгында эки жолу жүргүзүлөт. Аны менен катар, вакцинаны иштеп чыгуучулар QazVac вирустун бардык мутацияланган штаммдарына каршы күрөшө аларын айтышат.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 893 633 казакстандык коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Анын ичинде экинчи дозаны 165 997 адам алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков