Адистер эмдөөгө байланыштуу коомчулукта кызуу талкууланып жаткан суроолорго жооп берди

Адистер эмдөөгө байланыштуу коомчулукта кызуу талкууланып жаткан суроолорго жооп берди

Коронавирустан толук айыгып чыккан адамга вакцина алууга болот. Эки башка вакцинаны бириктирүү натыйжасыз. Иммундаштыруу өнөктүгүнөн өткөн аялдар 2 айдан кийин кош бойлуулукту пландаштыра алышат. Алкоголь антителолордун пайда болушун жайлатат. Вакцинацилоого байланыштуу коомчулукта кызуу талкууланып жаткан эмдөө боюнча ушул жана башка суроолорго кесипкөй адистер атайын брифинг учурунда жооп беришти.

Ляззат Ералиева, Улуттук фтизиопульмонология илимий борбору мүдүрүнүн орун басары

- COVID-19га каршы эмдөө бул биринчи кезекте балдарды, кош бойлуу аялдарды жана иммундук жетишсиздиги бар эмдөөгө кирбеген адамдарды коргоонун бирден-бир жолу. Ошондуктан биздин негизги максатыбыз – кооптуу илдеттин жайылышын токтотуу. «Вакцина адамдын организминде оору пайда кылбайбы же курчушуна алып келбейби?» деген суроолор көп болуп жатат. Жок, колдонулуп жаткан вакциналар ооруну козгобойт. Анткени бул тирүү вакциналар эмес. Антителолор вакцинанын экинчи дозасынан алгандан соң 35-45 күндөн кийин гана пайда боло баштайт.

Бүгүнкү күндө 60 жаштан ашкандардын арасында эмдөө курсун 121 миңден ашуун адам баштады. Алардын 8 миңи толук компонентин аяктады. Бул жаатта өнөкөт оорулары бар адамдардын саны 32 миң 314кө жетти. Азырынча вакцинанын олуттуу терс таасирлери байкала элек, дешет адистер.

Манар Смагул, «санитардык-эпидемиологиялык талдоо жана мониторинг илимий-практикалык борбору» филиалы мүдүрүнүн орун басары

- Азыркы учурда эмдөөдөн кийин олуттуу терс көрүнүштөр катталган жок. Ошол эле учурда, вакцина алган адамдардын 0,4% мүмкүн болгон реакциялар катталды, башкача айтканда, температура, вакцина сайылган жердин кызаруусу жана оорушу сыяктуу жалпы белгилер байкалды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин өлкөдө 823 миңден ашуун адамга коронавируска каршы вакцинанын биринчи компоненти жасалды. Чын куран

айынын 26нан баштап эмделе турган адамдар ата мекендик вакцинаны ала алышат. Аймактарга алгачкы 50 миң доза жеткирилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков