Бир күндө 2 894 казакстандыктан коронавирус аныкталды

Бир күндө 2 894 казакстандыктан коронавирус аныкталды

Казакстанда дагы 2 894 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында. Бул жерде бир күндө 698 адамга COVID диагнозу ПЧР-тести аркылуу коюлду. Борбор калаада 511 коронавирус инфекциясы катталды. Караганды облусу бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи. Аймакта 228 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус менен ооругандардын саны 300 миңден ашты.

 Которгон: Илгиз Жамалбеков