Казакстанда QazVac менен вакцинациялоо чын куран айынын 26-күнү башталат

Казакстанда QazVac  менен вакцинациялоо чын куран айынын 26-күнү башталат

Казакстанда ата мекендик QazVac препараты менен вакцинациялоо чын куран айынын 26да башталат. Коронавируска каршы казакстандык вакцинанын алгачкы 50 миң дозасы Нур-Султан, Алматы, Шымкент жана Актөбе шаарларына жөнөтүлдү. Кийинки 50 миң дозасын бугу айында чыгаруу мерчемделген. Келечекте вакцина өндүрүшүн этап-этабы менен айына 500-600 миң дозага чейин көбөйтүү көздөлүүдө.

«Казакстандык вакцинанын иштелип чыгышы биздин мамлекетке коронавирус инфекциясына каршы өз вакцинасын иштеп чыккан дүйнөдөгү беш мамлекеттин катарына кошулууга мүмкүндүк берди. Бул бир гана коомдук саламаттык сактоо маселеси эмес. Бул биофармацевтикада иш жүзүндө заманбап технологияларды колдонуу менен ата мекендик илимдин дараметинин күбөсү болуп, мамлекеттин беделин белгилейт», – деп билдирет комиссия төрагасы, өкмөт башчысынын орун басары Ералы Тогжанов.

Которгон: Илгиз Жамалбеков