Саламаттык сактоо тармагына салынган инвестиция өсүүдө

Саламаттык сактоо тармагына салынган инвестиция өсүүдө

Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарга көбүрөөк инвестиция салына баштады. Аталган тармактарга бөлүнгөн каражат дароо бир жарым эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Finprom.kz аналитикалык порталы билдирди. Андагы маалыматтарга караганда, үчтүн-жалган куран айлары аралыгында бул тармактарга 24 жарым миллиард теңге инвестиция салынган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде инвестициялардын көлөмү 16 миллиарддан ашык теңгени түзгөн. Бул жаатта Түштүк борбор 9,9 миллиард теңге инвестиция менен алдыда турат. Бул көрсөткүч бир жыл мурдагыга караганда 44% жогору. Андан кийин Нур-Султан шаары жана Алматы облусу турат.

Казакстанда жана бүткүл дүйнөдөгү саламаттык сактоо тармагына инвестициялардын көбөйүшүн серепчилер, коронавирус пандемиясы менен байланыштырышат. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын аяк оона айына чейин COVID-19 илдетине каршы 10 миллион адамды эмдөө мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков