Казакстанда коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмония күч алууда

Казакстанда коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмония күч алууда

Казакстанда COVID-19 инфекциясы менен бирге пневмония да күч алууда. Өлкөдө чын куран айынын 19на карата коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмониянын 135 учуру аныкталып, 3 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 66 адам дарыланып чыккан.

Жалпысынан баш оона айынын 1нен бери бейтаптардын саны 52 миңден ашты. 757 бейтап пневмониянын курмандыгы болду. Ал эми сакайып чыккандардын саны 51 миңге жакындады.

Ал ортодо өткөн суткада 2 696 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында. Бул жерде, бир күндө 667 адамга Ковид диагнозу ПЧР-тестинин натыйжасында коюлду. Борбор калаада коронавируска чалдыгуунун 471 учуру катталды. Бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орунда Алматы облусу турат. Мында 281 адамдан кооптуу илдет аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 295 миңге жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков