Казакстандын 8 аймагы коронавирус боюнча «кызыл» зонада калууда

Казакстандын 8 аймагы коронавирус боюнча «кызыл» зонада калууда

Калкты эмдөө менен камтууну болушунча кеңейтүү керек. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Өкмөт алдына ушундай тапшырма койду. Анын айтымында, өлкөдөгү пандемиялык кырдаал көзөмөлдө болгонуна карабастан, абал дагы деле оор бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө кызыл зонага 8 аймак кирген. Кооптуу илдет Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарларында жана Атырау, Актөбе, Чыгыш Казакстан, Акмола менен Караганды облустарында курчуп турат. Коронавирустун репродуктивдүүлүк индекси - 1065. Ооруканалардагы орундардын толушу 41 пайызды, ал эми жандандыруу бөлүмдөрүндө 27 пайызды түзүүдө. Ошондой эле, Премьер-министр маанилүү өнөктүк маалында аз камсыз болгон аймактардагы иштин темпин эки эсеге көбөйтүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчысы ай сайын 2 миллион адамды вакцина менен камсыз кылуу планын ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри

- Бүгүнкү күндө аймактарда 188 миң доза вакцина бар. Препаратты жеткирүү графигине ылайык, этап-этабы менен план боюнча жүргүзүлүп жатат. Эмдөө менен камтуу темпи өсүүдө. Суткасына 70 миңден ашуун вакцина жеткирилүүдө. Айдын аягына чейин 2 миллион адамды вакцинациялоо көздөлүп жатат. Аймактарда эмдөө өнөктүгүнүн күнүмдүк планынын аткарылышы көзөмөлдөнүп турат. Үч регион, тактап айтканда, Нур-Султан шаары, Маңгыстау жана Караганды облустары графиктен артта калганы байкалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков