Бир суткада 2 530 адамдан коронавирус аныкталды

Бир суткада 2 530 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 2 530 адамда COVID-19 диагнозу ПЧР-тест аркылуу тастыкталды. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Алматы шаарында катталды. Бул жерде 682 адамдын тести оң натыйжа көрсөткөн. Экинчи орунда борбор калаа турат - 401, андан кийин Алматы облусунда - 285 адам кооптуу илдетке чалдыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 292 миңден ашты. Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде 2084 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков