Казакстан: өткөн суткада 2 719 адам коронавируска чалдыкты

Казакстан: өткөн суткада 2 719 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда акыркы сутка ичинде 2 719 адамдан кооптуу илдет аныкталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталган, мында 665 тургунга COVID-19 диагнозу коюлду. Баш калаада кооптуу инфекция 436 адамдан аныкталса, ал эми Алматы облусунда 251 адам коронавируска чалдыккан. 200дөн ашуун бейтап катталган Актөбе, Батыш Казакстан жана Караганды облустарында жуктуруунун көрсөткүчү жогорулады. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 290 миңге жакындап калды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 38 миң 620 адам коронавируска каршы дарыланып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков