Казакстанда дагы 2641 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда дагы 2641 адам коронавируска чалдыкты

Өткөн суткада 2 641 казакстандыктан коронавирус аныкталды. Эң көп бейтап Алматы шаарында катталып, анда 657 адамга Ковид диагнозу коюлду. Инфекциянын көрсөткүчү боюнча Нур-Султан шаары экинчи орунда, ал жакта 650 адам илдетке чалдыккан. Алматы облусу алдыңкы үчтүккө кирди. Аймакта 220 бейтап аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 278 миңден ашуун адам кооптуу инфекцияга кабылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков