Өткөн суткада 1 197 адам коронавирустан айыкты

Өткөн суткада 1 197 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда өткөн суткада коронавирус илдетинен 1 197 адам айыгып чыкты. Инфекциядан эң көп сакайып чыккандардын саны Актөбе облусунда катталды. Аталган аймакта илдетти 205 адам жеңди. Ал эми экинчи орунда Нур-Султан шаары турат. Борбор калаада 165 бейтап айыгып чыкты. Андан кийин Алматы облусунда - 147, Караганды облусунда - 132 жана Жамбыл облусунда - 82 бейтап вирусту жеңди. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда айыгып чыккандардын жалпы саны 236 миңге жакындады. Ал эми өткөн суткада 2016 адамдан коронавирус илдети ПЧР-тести аркылуу аныкталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков