Казакстанда калкты эмдөө өнөктүгү уланууда

Казакстанда калкты эмдөө өнөктүгү уланууда

Казакстанга чын куран айында кошумча 1,4 миллион доза вакцина алып келүү мерчемделген. Бул өз кезегинде айдын аягына чейин 2 миллион адамды кооптуу илдетке каршы эмдөөнү камсыз кылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймактарга вакцинанын 600 миң дозасы жеткирилген. Азыркы учурда калкты вакцинациялоо чаралары 916 эмдөө пунктунда жүргүзүлүүдө.

Алыскы айылдарда жана калк жыш жайгашкан аймактарда эмдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул үчүн 233 көчмө топ уюштурулган. Жалпысынан өнөктүккө 10 миңге жакын медициналык кызматкер тартылды. Белгилей кетсек, өлкөдө аяк оона айына чейин 10 миллионго жакын адамды коронавируска каршы эмдөө көздөлгөн.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Биздин милдет – санитардык-эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана эмделген адамдардын санын көбөйтүү. Эмдөөлөрдүн графиги так сакталып, чын куран айында, ошондой эле, бугу жана кулжа айларында мерчем боюнча ай сайын 2 миллион адам вакцина алышы керек. Ошондуктан, Саламаттык сактоо министрлигине жана акимчиликтерге коомдук жайларды, анын ичинде соода борборлорун колдонуп, вакцинанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну тапшырам. Коом санитардык ченемдерди сактоо жана вакцинациялоо менен гана пандемиянын жайылышын токтотуп, экономикалык өсүштү камсыздай ала тургандыгын түшүнүшү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков