Казакстанда калкты массалык эмдөө уланууда

Казакстанда калкты массалык эмдөө уланууда

Коронавируска каршы вакцина алууну каалаган казакстандыктар эки жол менен өтүнүч бере алышат. Алардын бири EGov порталы аркылуу болсо, экинчи жолу коомдук саламаттык сактоо уюму менен башкармасынын сайтында көрсөтүлгөн call-борборлор аркылуу. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы Тимур Муратов билдирди.

Тимур Муратов, Нур-Султан шаарынын Коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

- Калктын эмдөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн эпидемиологиялык департамент менен биргеликте шаардын соода жана көңүл ачуу борборлорунда эмдөө пункттарын ачууну мерчемдеп жатабыз. Бардык санитардык талаптарды эске алуу менен калкты вакцинациялоого даярдыктар көрүлүүдө. Соода борборунда түшкө чейин эки бригада, түштөн кийин эки бригада иштейт. Бригадалардын курамында дарыгерлер жана медайымдар болот.

Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал туруксуз. Башкы шаар илдетти жуктуруу боюнча «кызыл» зонада. Күнүнө орто эсеп менен 430 учур катталып жатат. Бул өткөн жылдын теке айына салыштырмалуу эки эсеге көп. Массалык эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүндө шаар тургундарынын 60% камтуу мерчемделген.

Тимур Муратов, Нур-Султан шаарынын Коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

- Азыркы учурда коронавируска каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы калкты эмдөө болуп саналат. Бул вакцинация күчтүү профилактикалык иш-чара экендигин жана анын пайдасы чоң экендигин белгилеп кетким келет. Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 600 миңден ашуун адамды же шаар калкынын 60 пайызын эмдөө мерчемделген. Бүгүнкү күндө борбор калаада 22500 ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды. Эмдөөдөн кийин анын олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Ушул жумада алдын ала жазылуу аркылуу массалык вакцинациялоо башталды.

Белгилей кетсек, коронавирустун жайылышына байланыштуу эң оор кырдаал Алматы шаарында болууда. Ошондуктан, бул жерде массалык эмдөө чаралары

күчөтүлдү. Шаарда эмдөө башталгандан бери 68 миң 650 доза вакцина жеткирилип, 49 миң 160 адам эмдөөдөн өттү.

Нариман Табынбаев, Алматы шаардык Коомдук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

- Бүгүнкү күндө Алматыда 2 миллиондон ашуун калк жашайт. Шаарда кеминде бир миллион адамга вакцина жасоо көздөлгөн. Биринчи этапта массалык эмдөөгө даярдануу үчүн вакцинациялоо пункттарынын керектүү саны эсептелген. Эмдөө пункттарынын туруктуу өсүшү байкалууда. Бирдин айынын башында бизде 35 эмдөө пункту болсо, бүгүнкү күндө анын саны 182ге жетти.

Которгон: Илги Жамалбеков