Казакстан: бир суткада 2 440 адамдан COVID-19 аныкталды

Казакстан: бир суткада 2 440 адамдан COVID-19 аныкталды

Казакстанда дагы 2 440 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында. Бул жерде бир күндө 717 адамга ПЧР-тести аркылуу COVID-19 диагнозу коюлду. Ал эми борбор калаада коронавируска чалдыгуунун 446 учуру катталды. Бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орундагы Алматы облусунда 254 адам инфекция жуктурган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 264 миңге жакындады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков