ССМ өтө керектүү дары-дармектерди сатып алууга убада берет

ССМ өтө керектүү дары-дармектерди сатып алууга убада берет

Саламаттык сактоо министрлиги орган трансплантациясынан кийин бейтаптарга берилүүчү дары-дармектердин жеткирүү мөөнөтү тууралуу маалымат берди. «Сандиммун неорал» препаратын министрлик жакынкы 10 күн ичинде сатып алууга убада берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо вице-министри Жандос Бүркитбаев СК «Фармация» ишмердүүлүгү маселелери боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, дары-дармек менен камсыздоо бейтаптардын алты айга чейинки муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетүүчү нерсе, бул дарыны мындан ары сатып алуу боюнча учурда Европалык өндүрүүчү менен түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эскерте кетсек, буга чейин трансплантациялоодон өткөн казакстандыктар организм донордук органды кабыл албай коюу коркунучу бар экендигин билдиришкен. Бейтаптар Мамлекет башчысына ачык кат жазып, анда бул маселени ийне-жибине чейин тизмектеп, иш жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүүнү да суранышкан. Тармактын өкүлү Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын ден-соолугуна же өмүрүнө коркунуч туудурган сейрек кездешүүчү ооруларды аныктоо жана дарылоо үчүн орфандык дары-дармектер менен камсыздоону үзгүлтүксүз көзөмөлдөп тургандыгын белгиледи.

Жандос Бүркитбаев, Казакстандын Саламаттык сактоо вице-министри:

- Тилекке каршы, дүйнө жүзү боюнча орфандык дары менен камсыз кылуу боюнча толук чечим жок. Ошондуктан, биз дагы бир катар варианттарды, анын ичинде бул көйгөйдү чечүүдө Орусиянын тажрыйбасын карап жатабыз. Мага ишенип коюңуздар, биз Саламаттык сактоо министрлигинде бул маселени чечүү үчүн чараларды көрүү менен бирге аны ар тараптуу талкуулоодон өткөндөн кийин гана сунуш айтууга ниеттенип жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков