Казакстанда коронавирусту жуктуруу боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

Казакстанда коронавирусту жуктуруу боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

Казакстанда өткөн суткада коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, илдет бир эле учурда 2586 адамдан аныкталды. Бул илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталган. Белгилей кетсек, түштүк мегаполис бир нече жумадан бери бейтаптардын көбөйүшү боюнча антирейтингди баштап келе жатат. Акыркы сутка ичинде кооптуу вирус Алматы шаарынын 710 тургунунан табылган. Андан кийин Нур-Султан шаарында 578 учур аныкталса, Алматы облусунда 325 учур катталды. Коронавирус бейтаптарынын жалпы саны 262 миңге жакындап калды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөнүн сегиз аймагы коронавирустун жайылышы боюнча «кызыл» зонада турат – алар Нур-Султан менен Алматы шаарлары, Атырау, Акмола, Алматы, Актөбе, Караганды жана Батыш Казакстан облустары. Шымкент, Кызылорда жана Павлодар аймактарында абал бир аз жакшыргандыктан учурда «сары» зонада. Калган аймактардын бардыгы коопсуз делген «жашыл» аймакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков