Казакстанда дагы 2 080 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда дагы 2 080 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 2 080 адамдан коронавирус аныкталды. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Алматы шаарында катталды. Мында кооптуу диагноз 620 бейтапка коюлду. Андан кийин борбор калаада – 372, Алматы облусунда - 280 адамга COVID-19 илдети ПЧР-тести аркылуу тастыкталды. Ошентип, коронавирус тарай баштагандан бери өлкөдө аталган илдетке кабылгандардын жалпы саны 258 миңден ашты. Мындан тышкары, акыркы суткада өлкөдө 1711 адам кооптуу инфекцияны жеңип чыккандыгын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков