Күзгө чейин 10 миллион адам COVID-19 илдетине каршы эмделет

Күзгө чейин 10 миллион адам COVID-19 илдетине каршы эмделет

Алдыдагы 3 айда 6 миллион казакстандык вакцина алат. Бул эмдөө ала турган өлкө калкынын 64% түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин билдирди. Анын айтымында, алдыдагы аяк оона айында 10 миллионго жакын адамга илдетке каршы эмдөө өнөктүгүнүн аяктоосу мерчемделип жатат. Андан кийин жамааттык иммунитеттин жыйынтыктоочу таасири күтүлөт. Бул максатта саламаттык сактоо тутуму керектүү көлөмдөгү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен толук камсыз кылынды. Эл көп чогулган жерлерде көчмө эмдөө пункттары ачылат.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Учурдагы биздин башкы милдетибиз санитардык-эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана вакцина алгандардын санын көбөйтүү. Бул багытта конкреттүү иштер уюштурулду. Министрлик вакцинациялоо боюнча жаңы план иштеп чыкты. Ушул жылдын чын куран, бугу айы жана кулжа айларынын аралыгында аймактарда ай сайын 2 миллион адамга вакцина жасоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков