Казакстан: өткөн суткада коронавирус 1 921 адамдан аныкталды

Казакстан: өткөн суткада коронавирус 1 921 адамдан аныкталды

Казакстанда акыркы 24 саат ичинде 1 921 адамдын коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Эң көп бейтап Алматыда катталды, мында 611 адам кооптуу инфекцияга чалдыккан. Илдет жуктургандардын саны боюнча экинчи орунда турган борбор калаада 368 бейтап аныкталды, ал эми Алматы облусунда 255 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы бейтаптардын саны 255 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан 27 836 адам дарыланып жатат, анын ичинен 10 миңден ашуун бейтап стационарда, 17 482 амбулатордук абалда дарыланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков