Казакстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат

Казакстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү кескин өстү. Өткөн суткада илдет 2077 адамдан ПЧР-тести аркылуу аныкталды. Эң көп бейтап дале болсо Алматы шаарында катталды. Бул жерде 595 адамдын тести оң натыйжа көрсөткөн. Экинчи орунда борбор калаа турат – мында 427, андан кийин Алматы облусунда – 239 адам инфекцияга чалдыккан. Эпидемиологиялык кырдаал Караганды жана Актөбе облустарында дагы курч. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 249 миңди түзөт. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада 1034 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков