Казакстан: бир суткада 1 873 адам коронавируска чалдыкты

Казакстан: бир суткада 1 873 адам коронавируска чалдыкты
s0.rbk.ru

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү кескин көбөйдү. Өткөн суткада ПЧР-тести аркылуу 1873 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Алматы шаарында катталды. Бул жерде 515 адамдын тести оң натыйжа көрсөттү. Экинчи орунда борбор калаа турат - 512, андан кийин Алматы облусунда - 220 адам. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 247 миңге жакындады. Ал ортодо өткөн суткада айыгып чыккан казакстандыктардын саны 1219 түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×