Казакстанда бир суткада 1 100 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда бир суткада 1 100 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 100 адамдан ПЧР-тести аркылуу аныкталды. Бейтаптардын басымдуу бөлүгү Алматы шаарында катталды. Мында вирус 330 кишиден табылган. Нур-Султан шаарында 185, Алматы облусунда 108 бейтап тиркелди. Жалпысынан өлкөдө бейтаптардын саны 237 миңден ашты. Буга кошумча, өткөн суткада өлкө боюнча 971 адам коронавирус инфекциясынан сакайып чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча,азыркы учурда 22 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы дарыланып жатат, анын ичинде 7 миңге жакын бейтап стационардык абалда дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков