Спутник V вакцинасынын 150 миң дозасы мекемелерге чын куран айында жеткирилет

Спутник V вакцинасынын 150 миң дозасы мекемелерге чын куран айында жеткирилет

Айына коронавируска каршы миллион доза вакцина. Караганды фармацевтикалык заводунда ушунча көлөмдө вакцина өндүрүү мерчемделүүдө. Анын көлөмүн көбөйтүү чын куран айына пландалган. Ал эми келерки айдын башында аталган комплексте чыгарылган 150 миң дозалык орусиялык «Спутник V» препараты Казакстандын медициналык мекемелерине жөнөтүлөт.

«Жалпысынан, Казакстан Республикасында Гам-COVID-Вак вакцинасы катталгандан бери Караганды фармацевтикалык комплекси 208 миң доза вакцинаны өндүрүп, жеткирип берди, анын биринчи компоненти - 115 миң доза, экинчиси - 93 миң доза», – деп билдирет фармацевтикалык заводдун жетекчилиги.

Серепчилер препараттын коронавирустун ар түрдүү штаммдарына каршы  натыйжалуулугун баса белгилешүүдө. Деген менен бул маселе боюнча казакстандыктардын пикири ар башка: айрымдары вакцинация инфекциядан сактануунун эң мыкты жолу деп эсептешсе, башкалары дале болсо жаңы вакцинага ишенишпейт.

Блиц:

- Жакындарыма жана башкаларга жуктуруп албоо үчүн эмдөөдөн өтүш керек.

- Эгер чакырышса мен барам, анткени жаман болот деп ойлобойм.

- Мен вакцинага азырынча ишене албайм, ал дагы деле көп сынактардан өтө элек, маалымат аз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков