Казакстан: өткөн суткада коронавирустун 1 105 учуру аныкталды

Казакстан: өткөн суткада коронавирустун 1 105 учуру аныкталды

Өлкөдө өткөн сутка ичинде коронавирусту 1 105 адам жуктурганы белгилүү болду. Инфекция жугузгандардын эң көп учуру Алматы шаарында катталган – мегаполисте 341 адам COVID-19га чалдыккан. Нур-Султан шаары антирейтингде экинчи орунду ээледи. Бул жерде 195 бейтап аныкталган. Карагандыда 92, Атырау облусунда 65 жаңы учур катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын жалпы саны 236 миңден ашты. Ал эми өткөн суткада 835 адам илдеттенайыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков