Коронавирус эпидемиясы мезгилиндеги сергек жашоо образы

Коронавирус эпидемиясы мезгилиндеги сергек жашоо образы

Дивандан туруп, машыгууну баштаңыз! Мындай чакыруу менен сергек жашоо образы боюнча адистер казакстандыктарга кайрылды. Алардын айтымында, дени сак адамдар коронавируска чыдамдуу болушат. Алар денени жакшы абалда кармоо абдан маанилүү экендигин айтышат. Ал үчүн күч жана кардио көнүгүүлөрүн гана жасабастан, туура тамактануу да керек.

Ерлан Манатаев, Ден-соолук элчиси:

- Сапаттуу жана пайдалуу тамактануу керек. Бул биринчи кезекте жашылча-жемиштер. Аны ар бир тамак-ашка кошуп, күнүнө 500-600 грамм жашылча-жемишти жеп туруу керек. Ошондой эле, жетиштүү деңгээлде белокторду керектөө зарыл. Белоктор негизинен жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн дагы алынат. Эгерде биз жаныбарлардан чыккан азыктары жөнүндө айта турган болсок, анда бул жумуртка, сүт, эт, тоок, быштак жана башка азыктар. Эгерде өсүмдүк белогу жөнүндө айта турган болсок, анда бул негизинен буурчак өсүмдүктөрү. Башкача айтканда, алар ушул класска кирген буурчак, нокот жана башка азыктар.

Функционалдык фитнес машыктыруучусунун айтымында, адатты калыптандыруу жана туруктуулукту чыңдоо үчүн машыгууну эң жөнөкөй нерседен баштоо керек. Жөө басуу, бийлөө, футбол же баскетбол. Эгерде коронавируска чалдыккан болсоңуз, анда Ерлан Манатаевдин тажрыйбасына таянып, төмөнкү эрежелерди сактоого кеңеш берет.

Ерлан Манатаев, Ден-соолук элчиси:

- Суюктук көп ичип, жеңил тамактануу керек. Камырды жана таттууну азайтуу зарыл. Шорпо көп ичтим. Оору жеңил өттү.Бул учурда, өзүңүзгө ашыкча оорчулук жаратуунун кажети жок. Жети күндөн кийин өзүмдү текшере баштадым. 10 жолу отуруп, туруп аттым. Башында оңой болгон жок. Калыбыма келгенден кийин ал оңой болуп калды.

Бирок жеке гигиенаны унутпоо керек. Кол жуу, аралыкты сактоо жана беткап тагынуу – коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары. Бул сиздин ден-соолугуңуздун сак болушуна жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков