Казакстан: 1186 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстан: 1186 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда бир суткада 1 186 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Анти-лидерлердин тизмесин Алматы баштап турат. Бул жерде 318 бейтап аныкталган. Андан кийин борбор калаада 307 адам коронавируска чалдыккан. Бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орунда Караганды облусу турат. Мында 100 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 19 871 бейтап дарыланууда, анын ичинен 5 жарым миңден ашуун бейтап стационардык абалда көзөмөлгө алынган.

Казакстанда вакцинациялоо тууралуу электрондук паспорт жеткиликтүү

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында коронавируска каршы эмдөө уланууда. Ушул күнгө чейин 83 миңден ашуун казакстандык вакцина алды. Эми электрондук паспорт COVID-19 вирусуна каршы эмделгендер үчүн жеткиликтүү болот. eGov mobile базасына жүктөлгөн документте эмдөө датасы, кайсыл жерде жана кандай дары колдонулгандыгы көрсөтүлөт. Бардык маалыматтар QR-код менен окулуп, ал эки тилде - казак жана орус тилдеринде жарыяланат. Жакында англис тили да кошулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков